Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XV сессиясынын
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 63
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-ноябрындагы №01-6/1118 чыгыш сандуу катындагы кирешени төлөмдөн төлөмгө жылдыруу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү бюджетке түшө турган 14151200 лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөмдөн 5722,5 (беш миллион жети жүз жыйырма эки миң беш жүз) сомду пландан кемитип берүү жагы белгиленсин.
2.Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү бюджетке түшө турган 11111100 төлөм кодуна эмгек акыдан алынуучу киреше салыгына 4400,0 (төрт миллион төрт жүз миң ) сом, 14511400 төлөм кодуна инфраструктураны өнүктүрүү үчүн төлөмдөн ашыкча түшүүлөр болгондуктан 4022,5 (төрт миллион жыйырма эки миң беш жүз) сомду кошуп берүү жагы белгиленсин.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |