КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү XXVIII сессиясы
2023-жылдын 21-ноябры № 29/4
Кум-Дөбө айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү калкынын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелердин негизинде атайын жумушчу топ иштеп чыккан Жобону карап жана талкуулап Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагында мурда кабыл алынган Жобо бирдиктүү кылып кайра тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Аталган жобону тиешелүү жактарга жиберүү, коомчулукка тааныштыруу жана жобонун негизинде иш алып баруу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| М.Чолпонкулов |
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин 21-ноябрь 2023-жыл
№ 29/4-токтомуна тиркеме
Кум-Дөбө айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө.
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тартат
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарынкеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1.Айыл аймагында, шаардаүй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын, шаардын мэринин буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2.Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык, шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, шаардын мэриясы, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1.Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик,кыркылык) өткөрүүдө мал союуга болбойт (тыюу салынат).Бирок Кум-Дөбө айыл өкмөтү элдик жыйында сүйлөшүп, алыстан келген куда-сөөк келет ошондуктан 1 баш бодо союга уруксаат берилсин.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албагандашаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы, облустук комиссия жана республикалык маанидеги шаардын комиссиясы, райондук комиссия жана облустук маанидеги шаардын комиссиясы, жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1.Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, райондук маанидеги шаардын мэриясында, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык аймактык башкармалыгында, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн, мэриянын кызматкерлери, жергиликтүүкеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссияайыл өкмөтүнүн башчысынын, мэрдинбуйругу менен бекитилет.
5.1.2.Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагында, шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын, шаардын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар,жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.