Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XV сессиясынын
2026-жылдын 27-ноябрындагы № 65
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26 - ноябрындагы № 01-6/1129 чыгыш сандуу катын кароо (“Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын балансындагы “Автовышка” автомашинасына кызмат көрсөтүү үчүн жана таза сууга болгон тарифтерин бекитип берүү)
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын тарифтери төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин;
а) техника менен кызмат көрсөтүү үчүн;
- “Автовышка” маркасындагы автомашинасына 1 (бир) саатына кызмат көрсөтүү үчүн - 3150 сом суммасында,
- Казарман ичинде 1(бир) кольцо салып берүү үчүн - 1200 сом суммасында,
- Казарман ичиндеги жүктөрдү жеткирип берүү үчүн - 1000 сом суммасында
б) таза суу үчүн;
- таза сууга болгон тариф 1 куб метр үчүн - 48 сом 15 тыйын менен бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |