Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXIX сессиясы

 

2023-жылдын 21-ноябры № 29/5

Кум-Дөбө айыл аймагында зоналдык коэффицентти бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  баш аруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин «Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент» мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.«Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент» мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагында зоналдык коэффицент Кз-1 деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.

 Төрага

 

М.Чолпонкулов