Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XIV сессиясынын
2025-жылдын 7-октябрындагы №51
2025 -жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчынын отчету
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету кемчиликтери менен жактырылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы такталган план 54783,2 миң сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми иш жүзүндө жалпы 60713,8 миң сом киреше өндүрүлүп, 110,8 пайызга аткарылган же бюджетке 5930,6 миң сом көп киреше түшкөндүгү жана чыгаша бөлүгүнүн жалпы планы 54587,1 миң сом, калдык акча каражаты менен такталган план 96195,2 миң сом болсо, кассалык чыгымы 36930,4 миң сом, аткарылганы 38,4 пайыз болуп, ошол эле мезгилде 59264,8 миң сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.
3.30-декабрь 2024- жылы кезектеги V сессиясынын № 22 токтомунун 9-пунктунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун 2024 - жылдын 12 - февралындагы №31 - 5 жана 2024 - жылдын 27 - февралындагы №20-02 протоколдорун аткаруу максатында, жергиликтүү кирешелерди эки эсеге көбөйтүү максатында инвестицияларды (демөөрчүлөрдү, ишкерлерди ) жана гранттарды тартуу, жергиликтүү мекеме - ишканалар менен иш алып баруу, айыл өкмөттүн карамагындагы жер кен байлыктарынан (кум, шагыл, туз) кошумча киреше түшүрүү максатында, бүгүнкү күнгө чейин иш алып барбагандыгы белгиленсин, тиешелүү адистер менен тыгыз иш алып баруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
4. Каргалык айылдык кеңешинин 30- июль 2024- жылы болуп өткөн (XXVIII чакырылышынын) VII сессиясынын №42 токтомунун 6,11,12 - пункттары , 17-март 2025-жылдын (I чакырылышынын) VII сессиясынын №8 токтомунун 8, 9-пункттары, №10 токтомунун 1,2- пункту жана V сессиясынын №22 токтомунун 12-пункту, 18 - июнь №33 токтомунун 2 - пункттары аткарууга алынбагандыгы белгиленсин.
5. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүндө административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн Е- кызматы аркылуу кадрлардын ички резерви боюнча толук кандуу иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин, ички резервге адистерди киргизүү жана аттестациядан өткөрүү иштерин уюштуруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
6. 2025-жылга курулуштардын смета, проектилери түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик сатып алуудагы кемчиликтер, өз деңгээлинде айыл өкмөт башчысы менен биргеликте иш жүргүзбөгөндүгү, мүлктөрдү туура эмес пайдалануу, колдонуу мөөнөтүү бүткөн жабдуулар, техникалар, эмеректер чыгышталбагандыгы, финансы-экономика бөлүмүнүн баардык тармагында, иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
7. 10 - сентябрь 2024-жылдагы курулушу бүткөн объектилердин (парк,спорт зал, хоккей аянтчасы, музыкалык залы ) мамлекеттик экспертизаларын бүткөрүү үчүн 750,0 миң сом акча каражаты каралгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин белгисиз себептерден улам аткарууга алынбай келгендиги, кабыл алуу кечеңдеп иш жүргүзүлбөй токтоп тургандыгы белгиленсин, 1-ноябрь 2025-жылга чейин аткарууга алуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
8.“Таза кызмат” муниципалдык ишканасында толук кандуу иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин (финансылык отчеттуулугу, жайыт, таза суу) “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 9 айлыктын жыйынтыгы менен 2025- жыл 25- октябрга чейин айылдык кеңешке отчетун алып келүү жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Абдрахмановго тапшырылсын.
9. Каргалык айылдык кеңешинин 2024-2025- жылдарда сессияда кабыл алынган токтомдордун айрым пункттары аткарылбагандыгын эске алып, жогорудагы кетирилген кемчиликтерди жоюу жана тиешелүү адистерге чара көрүү жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
10.Бул токтом маалымат ирээтинде Тогуз - Торо райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким - Мураталиев Манас Манапбековичке жөнөтүлсүн.
11.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
12.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» жана “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |