Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XIV сессиясынын
2025-жылдын 7-октябрындагы №52
Муниципалдык менчикти башкаруу
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинде турган айрым имараттардын жана автотехникалардын техникалык паспорттору жок экендиги белгиленсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган мүлктөр ЕРМИ программасы менен пландуу иш жүргүзүлбөгөндүгү эске алынсын жана 1- ноябрь 2025- жылга чейин мыйзам чегинде иш алып барып, көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |