Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XIV сессиясынын
2025-жылдын 7-октябрындагы № 53
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16 - сентябрь № 01-6/478 чыгыш сандуу катын кароо (беренеден беренеге жылдыруу) жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынынын 3111-курулмаларды куруу беренесинде “Шалаты каналынын башкы курулмасын” курууга каралган 9900,5 миң сом акча каражаты төмөндөгү беренелерге жылдырылып берилсин:
-
Башкаруу тармагынынын 3111-курулмаларды куруу беренесине А.Сагынбаев көчөсүн 150 метр ички жолун ысык асфальт менен асфальттоого -1000,0 миң сом, 3111-курулмаларды куруу беренесине Ы.Кадыркулов көчөсүнүн 1500 метр тротуарын брусчаткалоого -3500,0 миң сом, Д.Мамбетжанов көчөсүн ички 155 метр жолун кара шагыл менен бодурлоого - 614,8 миң сом, Нур - Жайык кичи районунун 17,18,19,20-үйлөрүнүн астын капиталдык оңдоп түздөөдөн өткөрүүгө - 2016,0 миң сом, баардыгы болуп 3111- курулмаларды куруу беренесине 7130,8 миң сомду, 3112 - жабдууларды алуу беренесине өзгөчө кырдаалга керектелүүчү жабдыктарды алууга - 272,9 миң сомду, Казарман айылынын тургундарына 30 даана суу эсептегич (счетчик) алууга - 45,0 миң сомду Чет-Булак, Кара-Суу айылдарына спорттук эмерек алууга - 402,0 миң сомду, райондук паркка - 4 даана, райондук скверге -2 даана, яма беккариге - 1 даана, таштанды төгүүчү полигонго -1 даана, спорт залга - 3 даана видео көзөмөл алууга - 50,0 миң сом, баардыгы болуп 3112 - жабдууларды алуу беренесине - 769,9 миң сомду, башкаруу тармагы баардыгы болуп - 7900,7 миң сом,
-
Бала - бакча тармагына 3111- курулмаларды куруу беренесине - Күнчубак бала бакчасынын жаңы ачылган группаларына (санитардык бөлмөгө) -140,0 миң сом, Айдай бала бакчасынын складынын курулушуна - 331,0 миң сом, баардыгы болуп 3111-курулуш беренесине 471,0 миң сом,
- Мектеп тармагына 2222 - чарбалык товарларды алуу беренесине - А.Абдраимов атындагы орто мектебине кышка даярдык катары электр казандарын оңдоп түздөөгө -172,3 миң сом, 3111-курулмаларды куруу беренесине - А.Абдраимов, М.Жаныбаева атындагы орто мектептеринин футболдук аянтчаларынын капиталдык оңдоосуна - 1223,5 миң сом, 3112-жабдууларды алуу беренесине - А.Абдраимов атындагы орто мектебине ашкана эмеректерди алууга - 133,0 миң сомду, баардыгы болуп мектеп тармагына -1528,8 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |