Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XIV сессиясынын
2025-жылдын 7-октябрындагы №54
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2 - октябрь № 01-6/901 чыгыш сандуу катын кароо кошумча планга акча каражатын отургузуп берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Билим берүү тармагына (мектепке чейинки билим берүү уюмуна) 2025-жылга карата атайын эсеп счетуна 14232400 элементине 3000,0 (үч миллион) миң сомго кошумча план бөлүнүп берилсин.
2. Билим берүү тармагынын (мектепке чейинки билим берүү) чыгаша бөлүгүнө, 2218 тамак аш беренесине 3000,0 (үч миллион) миң сом акча каражаты планга отургузулсун.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |