Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XIV сессиясынын
2025-жылдын 27-ноябрындагы №55
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17 - сентябрь № 01-6/835 чыгыш сандуу каты “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды” кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү бюджетке түшө турган конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым 2018-жылдын 10-августу №90 Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасынын 76-беренесине ылайык;
-жеке жактар-ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн 5 сом өлчөмүндө,
-жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иш үчүн арналган имараттардын ээлери ар бир жумушчуга 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Мамлекеттик жана мунципалдык менчикте турган курулуштар үчүн ишканалар жана мекемелерде эмгектенген ар бир жумушчу үчүн 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Тогуз-Торо райондук салык башкармалыгына эсеп берүү жана төлөө мөөнөтү 2026- жылдын 1-сентябрына белгиленсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |