Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XIV сессиясынын
2025-жылдын 7-октябрындагы №56
Каргалык айыл аймагынан “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” делегаттарын шайлоого карата жыйындарын өткөрүү боюнча иш-чараларын уюштуруу жөнүндө
Каргалык айыл аймагынан “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” делегаттарын шайлоого карата жыйындарын өткөрүү боюнча иш-чараларын уюштуруу жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны 2025-жылдын 1 - ноябрь күнү саат
10: 00дө Казарман айылындагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залында өткөрүлсүн.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү үчүн айыл аймак боюнча төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн; Казарман айылы, Чет-Булак-Макмал,Табылгыты жана Кара- Суу айылы.
3. Каргалык айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 80 (сексен) адам деп бекитилсин жана аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн;
-Казарман айылы боюнча жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны - 40 адам;
-Чет-Булак, Макмал айылдары боюнча жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны - 15 адам;
-Кара-Суу айылы - 15 адам;
-Табылгыты айыллы боюнча жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны - 10 адам;
4. Ар бир аймактык бөлүктөрүндө жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин;
5.Табылгыты айылында 2025 - жылдын 21 - октябрь күнү саат 10:00 дө №9 Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин имаратында.
6.Кара - Суу айылында 2025 - жылдын 21- октябрь күнү саат 14:00 дө Кара - Суу айыл өкмөтүнүн имаратында.
7.Чет-Булак айылында 2025-жылдын 22 - октябрь күнү саат 10:00дө Маданият үйүнүн имаратында.
8.Казарман айылында 2025-жылдын 22 - октябрь күнү саат 14:00дө Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратында.
9.Жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин;
-Курманбаева Индира Акматовна - Казарман айылы боюнча,
-Мажитова Миргүл - Чет-Булак айылы боюнча,
-Өмүракунов Сапаралы Карыпбекович - Кара-Суу айылы боюнча,
-Ысманов Жумабек Айтнамасович - Табылгыты айылы боюнча.
10. Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (жети) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн;
-Токтоболотов Таалайбек Иманович - жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңешинин төрагасы,
-Токталиева Миргүл Жанышовна - жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы,
-Ясынов Шабдан Болотович - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты ,
-Бекчоро кызы Жумагүл - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты ,
-Аскарбекова Гулнура Чолпонбековна - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты,
-Качкынова Алтынай Качкыновна - жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн адиси,
-Марсбек кызы Роза - жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн адиси.
11. 2025-жылдын 24 - октябрына чейин өтүүчү айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйынын өткөрүү жагы жумушчу топко милдеттендирилсин.
12.2025-жылдын 28-октябрына чейин өтүүчү айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн тизмесин жалпылоо, жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
13.2025-жылдын 30 - октябрына чейин өтүүчү жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо жана күн тартибинин долбоорун даярдоо жагы жумушчу тобуна милдеттендирилсин.
14.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
15. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |