Редакцияот 25.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезектеги XVI сессиясынын

 

2025-жылдын 25-декабрындагы № 67

 

Каргалык айыл аймагынын Ыдырыс Кадыркулов көчөсүнүн жолун ысык асфальттоо үчүн өздүк салымына бөлүнө турган акча каражатын кароо жөнүндө

 

Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.Каргалык айыл аймагынын Ыдырыс Кадыркулов көчөсүнүн 1465 метр аралыктагы жолун ысык асфальттоо үчүн өздүк салымына бөлүнө турган 10 796 737 (он миллион жети жүз токсон алты миң жети жүз отуз жети ) сом акча каражатын 2026 - жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жагы сунушталсын.

 

2.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

4.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

                

 

 

Төрага

Т.И.Токтоболотов