Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 27-декабрындагы № 68
“Жырма” каналын Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Ясынов Шабдан Болотовичдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казарман айылынын сугат суу менен камсыз кылуучу узундугу 2000 метр, туурасы 4 метр жалпы аянты 8 000 чарчы метр “Жырма” каналын Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |