КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 27-декабрындагы №69
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25 - декабрь № 01-6/1286 чыгыш сандуу катын кароо (көрүстөндөргө көмүү жайын брондоо акысын жана келишим формасын бекитүү)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо” Тартибине ылайык, “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Ясынов Шабдан Болотовичдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл аймагынын Көмүү жайын брондоо жөнүндө келишимдин формасы бекитилсин.
2.Көрүстөндөрдү күтүүгө кеткен чыгымдарды эске алган кошумча кызматтардын коэффициентин (К) айыл өкмөтү тарабынан тез арада аныктап, кезектеги сессияга сунуш кылуу жагын Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |