Редакцияот 16.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы

 

2022-жылдын 16-августундагы  № 20/101

 

“Тиричилик таштандыларын чогултууну,ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн,иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Жазы  айыл өкмөтүнүн башчысынын    айыл чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү сунушун  уккандан кийин Жазы айылдык кеңеши

                                                            

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жазы  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Жазы  айыл өкмөтүнүн башчысы бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууга тиешелүү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин жер жана  айыл чарба маселелер   боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

 

К.Камчибеков

Жазы  айылдык кеңешинин 

2023-жылдын 16-августундагы

                       № 20/101токтомуна  тиркеме

 

Жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызматтардын/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

1.    Кызматтар

1.1.

Жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу

Тазалык иш канасы

1.2.

Курулуш таштандыларын чыгаруу

Тазалык иш канасы

2.    Функциялар

2.1.

Айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн иш-аракеттерин пландаштыруу

Айыл өкмөтү

2.2.

Юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө

Тазалык иш канасы

2.3.

ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү 

Тазалык иш канасы

2.4.

Айыл өкмөтүнүн жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу

Тазалык иш канасы

2.5.

Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу

Тазалык иш канасы

2.6.

ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү 

Айыл өкмөтү

2.7.

Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү

Айыл өкмөтүнүн  башчысы

3.    Милдеттенмелер

3.1.

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу

Тазалык иш канасы

3.2

ТККны чогултуу  үчүн бөлүнгөн жер аянттарынын айланасын тосуу

Тазалык иш канасы