Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 27-декабрындагы №70
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25 - декабрь № 01-6/1289 чыгыш сандуу катын кароо (беренеден беренеге жылдыруу) жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата калктуу конуштардан таштанды чыгаруу үчүн жыйым төлөмүнөн 14224200 элементине ашыкча түшкөн 380,7 (үч жүз сексен миң жети жүз ) сомду жана үй жанындагы, короо-жай жана бакча-огород үчүн жер тилкелерине салынуучу салыктан 11321100 элементине ашыкча түшкөн 77,9 (жетимиш жети миң тогуз жүз) сомду, айыл чарба багытындагы жер салыгы 11321300 элементинен 837,7 (сегиз жүз отуз жети миң жети жүз) сомду, кыймылсыз мүлк салыктан 11311100 элементинен ашыкча түшкөн 465,5 (төрт жүз алтымыш беш миң беш жүз) сомду баардыгы болуп 1761,8 (бир миллион жети жүз алтымыш бир миң сегиз жүз) сомду;
2. Башкаруу тармагына 3111 - курулмаларды куруу беренесинин өздүк салымына 1171,9 (бир миллион жүз жетимиш бир миң тогуз жүз) сом, Казарман айылындагы Ж.Акимбаев көчөсүнүн 530 метр, К.Дөөткулов көчөсүнүн 370 метр ички жолдорун ысык асфальтоого 212,1 (эки жүз он эки миң бир жүз) сом, Казарман айылындагы А.Сагынбаев көчөсүнүн 380 метр, А.Түмөнбаев көчөсүнүн 250 метр ички жолдорун ысык асфальтоого 127,7 (бир жүз жыйырма жети миң жети жүз) сом жана Табылгыты айылындагы Э.Касымалиев атындагы спорт залдын курулушун бүткөрүүгө 220,1 (эки жүз жыйырма миң бир жүз) сом, баардыгы болуп 1731,8 (бир миллион жети жүз отуз бир миң сегиз жүз) сомду,
- Билим берүү тармагына (мектеп) - 2224 - отун, көмүр алуу беренесине Табылгыты айылындагы Э.Касымалиев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин спорт залына көмүр алууга 30,0 (отуз миң) сом, баардыгы болуп – 1761,8 (бир миллион жети жүз алтымыш бир миң сегиз жүз) сом акча каражаты беренелерге отургузулуп берилсин.
2. Башкаруу тармагынын атайын каражат эсебинин учурдагы жардам 14411100 элементинен кошумча планга 2,5 (эки миң беш жүз) сомду, киреше жана чыгаша бөлүгүнөн төмөндөгү беренеге:
- Башкаруу тармагынын атайын каражат эсебинен 3112 - жабдууларды алуу
беренесине 2,5 (эки миң беш жүз) сом отургузулуп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |