Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы № 2
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2025 - жылдагы иш планында каралган маселелер боюнча отчету
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча »,«Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы», жана «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025 - жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап , Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 7 - главасынын 7.8 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча”, “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча”, “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” жана “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияларынын 2025 - жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын 11- август 2025-жыл №42 токтомунун 1-пунктунда Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылынын Күн чыгыш тарабына жаңы таштанды төгүүчү жай ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен 1-январь 2026-жылга чейин иш алып баруу жана чечүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилгендигине карабастан аткарууга алынбагандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айылдык кеңешинин 5 - июнь 2024-жылдагы №31 токтомунун 3,4,5- пункттары, №32 токтомунун 1,2,3,6- пункттары, 2025-жылдагы 17- март №8 токтомунун 8-9 пункттары, 7- октябрь №51 токтомунун 3,4,5,6,7 чи жана 9- пункттары, №52-53 токтому №61 токтомдору аткарууга алынбагандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айылдык кеңешинин иш планында кабыл алынган “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун 2024-2025-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери, убактылуу калдык сактоочу жай боюнча маалыматын угуу жана депутаттар менен биргеликте объектилердин абалын шарттарын жеринен барып көрүү маселеси аткарууга алынбагандыгы белгиленсин, “Макмал Голд Компани” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун жетекчисине кат жөнөтүү, аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына 2026 -жыл ичинде өтүлүүчү сессиялардын токтомдорунун аткарылышы боюнча, өздөрүнө көзөмөлдөөгө коюлган маселелердин жообун, ар бир сессиядан кийин айыл өкмөтүнөн кечиктирбестен талап кылып туруу жагы милдеттендирилсин.
6. 2026-жылга карата туруктуу комиссиялардын кабыл алган иш пландарындагы карала турган маселелерди ыкчам жана сапаттуу карап, регламент боюнча сессия болоруна он күн калганда материалдарды кеңешке тапшыруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Курманбаева Индира Акматовнага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |