Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма биринчи сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябрындагы  № 21/105

Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнундө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын  18- октябрындагы  “Кырыгыз Республикасынын  административдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана  региондорлу өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө “ ПЖ № 350 Жарлыгын  ишке ашыруу максатында  Өзгөн районунда  Административдик аймактык  реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып Жазы айылдык кеңеши

 

                                         Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

1.Өзгөн районунун Зергер(бардык айылдыры),Кызыл-Тоо айыл  өкмөтүнүн Доңуз-Тоо, Кызыл-Тоо, Ак-Кыя айылдары менен Жазы айыл өкмөтүнүн (бардык айылдары) айыл аймактарын   бириктирүү  долбоору колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймагынын аталышы “Жазы” деп аталып , борбору Кара-Дыйкан  айылына жайгашуусу жактырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний иштери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

 

К.Камчибеков