Редакцияот 22.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

 

2023-жылдын 22-ноябрындагы  № 22/112

Кара-Дыйкан каналынын батыш тарабында   жайгашкан МТФ-1 участкасындагы   пайдаланылбай турган жакынкы жайыт  жерди муниципалдык  менчикке өткөрүү  жөнүндө

 

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Жолоевдин  Кара-Дыйкан каналынын батыш тарабында  жайгашкан МТФ-1 участкасындагы пайдаланылбай турган  жакынкы жайыт жерди муниципалдык менчикке өкөрүп берүү  жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап  Жазы айылдык кеңеши 

 

                                    Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Кара-Дыйкан каналынын батыш тарабында  жайгашкан МТФ-1 участкасындагы пайдаланылбай турган  жакынкы жайыттын  жалпы 2(эки)га  жер Жазы айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.

2. Муниципалдык менчикке  жогоруда көрсөтүлгөн  жерди өткөрүп алуу  жана документтерин  даярдоо айыл өкмөт башчысы А.Жолоевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин  айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К.Камчибеков