Редакцияот 23.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын 

 

2023-жылдын 23-ноябры № 85

Оргочор айыл аймагынын муниципалдык  мүлкүнүн  баардык

 реестрин  бекитүү жөнүндө

 

          Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы  Ж.Жумашов жана айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын  3-ноябрындагы №140  “Оргочор айыл өкмөтүндө инвентаризацияны өткөрүү жөнүндө”  буйругунун негизинде түзүлгөн,  комиссиянын төрагасы Т.Усубакуновдун маалыматын угуп, муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин күчөтүү, ошондой эле анын пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде,    Оргочор айылдык  кенешинин  28-чакырылышынын   23-сессиясы   токтом  кылат:

 

1.Оргочор айыл аймагынын Мүлккө муниципалдык менчик объектилерин бекитүү реестри бекитилсин (тиркелет).

2.Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бекитилген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

а) Мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин  реестрин ММБР мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш, ал үчүн бирдиктүү реестр айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.

б) Жыл сайын жергиликтүү кенешке өткөн мезгил үчүн ММБР боюнча отчет берип туруу жагы милдеттендирилсин.

 

в)  Жыл сайын жергиликтүү кенешке мамлекеттик каттоодон өткөн кыймылсыз мүлктүн тил тизмеси боюнча отчет берип туруу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовго  тапшырылсын.

Төрага

У. Р. Дыйканбаев