Редакцияот 26.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АСЫЛБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 26-сентябрындагы № 7

 

Асылбаш айыл аймагы, Төш-Булак айыл аймагы жана Крупский айыл аймагын бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик - аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Админимтративдик – аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, жана Асылбаш айылдык кенешинин 28-чакырылыштагы кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 26-сентябрындагы №7 протоколунун негизинде, Асылбаш айылдык кеңеши токтом кылат

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Сокулук районундагы Асылбаш айыл аймагы, Төш-Булак айыл аймагы, Крупский айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймак “Сары-Өзөн” айыл аймагы деп аталсын.

3. Бириккен Асылбаш, Төш-Булак, Крупский аймактарынын борбору Сокулук айылында жайгашсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Айыл кенешинин төрагасы

 

Айбашев У.К.