КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2023-жылдын 3 марты № 6
Бадачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана көчүп келүүсү, бада акысын белгилөө жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ар бир бадачыга жана мал ээлерине 1-майдан жайлоого көчүп 15-сентябрдан кийин көчүп келүү жагы жеткирилсин.
2. Бада акысы, койго жана эчкиге айына 100 сомдон болуп, жоголгон койго-козу, козуга-3000 сом, ал эми жоголгон эчкиге-улак, улакка-1500 сом мал ээсине төлөнүп берилсин.
3. Өлгөн жандык жеринде телефонго тартылып, сүрөтү ээсине жөнөтүлсүн.
4. Жайлоого чыккан атуулдарга жана бадачыларга токтомду жеткирүү жагы Кара-Суу айыл айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
| У.Жунусалиев |