Редакцияот 14.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

2022-жылдын 14-декабры № 28/52

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын үй-булөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ №54 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

                                                        

                Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын үй-булөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп–адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ №54 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган уставына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн баяндамасын  угуп жана талкуулап,  1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги  XXVIII сесиясы токтом кылат:

 

1. Каза болгон маркумдун жылдык-ашын өткөрүүдө, маркумдун жаш курагына  жана социалдык абалына айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссия курамы тарабынан анализ жүргүзүп, түзүлгөн актынын негизинде бир ири мал союу жагы, бекитилген комиссиянын чечиминин негизинде уруксат берилсин;

2. Айыл Өкмөтүндө бекитилген иш планга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин;

3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү     жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4. Бул  токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө жагын  өзүмө  калтырам.

 

 

1-Май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Кулуев