Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

2022-жылдын 14-декабры № 28/53

Мүлк жана айыл чарбалык эмес салыктардын ченемдерин бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматы 28.11.2022-жылдагы  №09-3-12/288/11232 катта Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2022-жылдын 18-январындагы  №4 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү мыйзамы жөнүндө, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн   угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги  XXVIII сесиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү мыйзамы жөнүндө, мүлк жана айыл чарбалык эмес салыктардын ченемдери, тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)

2.Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы 1-Май айыл аймагынын Салык кызматынын инспектору  М.Кулуевге милдеттендирилсин;

3.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

4. Бул   токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө жагын  өзүмө  калтырам;

 

 

1-Май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Кулуев

1-Май айылдык Кеңешинин

                                                                                         “14”12 2022-жылдагы

                                                                                         №28/53 токтомуна тиркеме

 

Айылдык Кеңештин зоналдык К3  коэффициенттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө

 

1.    Жарнама курулмалары -0,9

2.    Мейманканалар, оюн-зоок жайлар, банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары -0,6

3.    Автого май куйуучу жайлар, автосервиз ишканалары -1,2

4.    Чакан базарлар, мал базарлар, тоют жана жем сатуу базарлары -0,5

5.    Коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү ишканалары -0,7

6.    Дүкөндөр, киоскалар, ларектор жана башка соода мекемелери -1,0

7.    Администрациялык, офистик имараттар, бизнес борборлору -0,9