Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

2022-жылдын 14-декабры № 28/55

 

1-Май  айыл аймагында кооптуу жерде жашаган, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн турак жайларын  жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылап, милдеттүү  камсыздандыруудан өткөрүү   жөнүндө

 

         1-Май  айыл аймагында кооптуу жерде жашаган, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн турак жайларын  жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылап, милдеттүү  камсыздандыруудан өткөрүү   жөнүндө, 1-Май айыл  Өкмөтүнүн башчысы  М.Шербаевдин билдирүүсүн   угуп  жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII  сессиясы токтом кылат:

1.1-Май  айыл  аймагында, кооптуу жерде жашаган, турмуш шарты оор 64 үй-бүлөнүн турак жайы милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлсүн;

2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышы1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге жана  ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

3.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын   ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4. Бул   токтомдун аткарылышын жана  көзөмөлдөө  жагын өзүмө  калтырам.

1-Май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Кулуев