Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 125
Мекемелердин баланстык наркын көбөйтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын мекемелердин баланстык наркын көбөйтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле 2026-жылдын 19-мартындагы бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, стимул берүүчү гранттын каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү мекемелердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баланстык наркын төмөнкүдөй суммаларга көбөйтүүгө макулдук берилсин:
• А. Арбуду атындагы жалпы билим берүү мектеби — 3 253 100 (үч миллион эки жүз элүү үч миң бир жүз) сом, стимул берүүчү гранттын эсебинен;
• Сретенка жалпы билим берүү мектеби — 1 858 000 (бир миллион сегиз жүз элүү сегиз миң) сом, стимул берүүчү гранттын эсебинен;
• «Солнышко» балдар бакчасы — 1 066 221 (бир миллион алтымыш алты миң эки жүз жыйырма бир) сом, Москва районунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына белгиленген тартипте эсептик документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |