Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 126
Сретенка айылында курулган кичи футбол аянтчасын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын стимул берүүчү гранттын эсебинен курулган кичи футбол аянтчасын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле 2026-жылдын 19-мартындагы бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, социалдык инфраструктура объекттерин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле аймакта дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү максатында, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Сретенка айылында жайгашкан, стимул берүүчү гранттын эсебинен курулган кичи футбол аянтчасын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Объекттин баланстык наркы 2 390 900 (эки миллион үч жүз токсон миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына төмөнкүлөр сунушталсын:
• объектти белгиленген тартипте кабыл алууну камсыз кылуу;
• муниципалдык менчиктин балансына коюу үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
• объекттин мындан аркы кармалышын жана эксплуатацияланышын камсыз кылуу.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |