Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 278
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 53, 110–115, 146, 420, 423, 433, 459, 469, 470, 474 жана 475-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109–115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан салык кызматынын органдарына маалымат берүү тартибинде:
– аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартиби»;
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Бул Тартип салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартибин, ошондой эле тараптар тарабынан берилүүчү маалыматка карата талаптарды аныктайт.»;
– 13, 16-пункттарда «үч» деген сөз «беш» деген сөзгө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 171, 172-пункттар менен толукталсын: