Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 127
Максаттуу трансфертти бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-мартындагы №174-т «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачуу аркылуу балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө багытталган эмгек акы фондунун чыгымдарын каржылоо жөнүндө» тескемесинин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиеванын максаттуу трансфертти бөлүштүрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле Мин-Булак айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 19-мартындагы чечиминин негизинде, Мин-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2948,2 сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферт төмөнкү бөлүм боюнча бөлүштүрүлсүн:
• 70911 «Мектепке чейинки билим берүү» бөлүмү боюнча «Ынтымак» балдар бакчасына эмгек акыны төлөө үчүн:
• 2111-берене – 2 514,5 миң сом (эмгек акы),
• 2121-берене – 433,7 миң сом (социалдык фонд).
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |