Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 129
Беш-Корук жалпы билим берүү орто мектебин кайра атоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин аталыштарын иретке келтирүү, тарыхый жана маданий эстутумду сактоо, жаштарды патриоттук тарбиялоону жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-апрелиндеги №244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле 2026-жылдын 25-мартындагы билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Беш-Корук айылы, Касымкула көчөсү №2 дарегинде жайгашкан «Беш-Корук жалпы билим берүү орто мектеби» мекемеси «Дайыр Асанов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби» мекемесине кайра атоого макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына төмөнкүлөр сунушталсын:
• тиешелүү өзгөртүүлөрдү уюштуруучу жана каттоо документтерине киргизүү;
• мекеменин аталышын орнотууну жана документтерди ушул токтомго ылайык келтирүүнү камсыз кылуу.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Б. Асаналиев |