Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 18/1
Өзгөн шаарынын Башкы планын талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө
Өзгөн шаарынын Башкы планы боюнча шаар тургундарынан келип түшкөн арыз жана кайрылууларды эске алып, Өзгөн шаардык кенешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы отурумунун №2 протоколунун, негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын Башкы планын талкуулоонун жыйынтыгы боюнча депутаттар тарабынан айтылган төмөндөгү сунуштар эске алынсын:
- Өзгөн шаарынын “Жаны-Өзгөн” жана “Калма-Кия” кварталдарынын аймагына белгиленген көп кабаттуу үйлөрдү шаардын четинен кошумча өздөштүрүлгөн жерлерге жылдырууну;
- Өзгөн шаарынын Жаңы-Хаят кварталынын Кош-Коргон көчөсүнүн эки жээгине долбоор боюнча сунушталган соода борборлорун башка бош жерге жылдырууну;
- Өзгөн шаарынан айланып өтүүчү жол курулушун эске алып, шаардын ички көчөлөрүнүн кеңдигин 20 метрден ашырбоону;
- Өзгөн каналындагы суунун көлөмү 3 куб метрдин тегерегинде болгондугун, каналдын жээгинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү жана шаардын бюджетине салык төлөөчү обьектилерди эске алып, суу коргоо зонасын мүмкүн болушунча кыскартууну;
- Өзгөн каналы ирригациялык болгондуктан, каналдын 70 пайызынын эки жээги бетон менен тосмолонгондугун, анын ичинен 368метр суу агып өтүүчү жер асты туннели жана суунун көлөмү аз болгондугун эске алып, каналдын жээгиндеги коргоо зонасын минималдуу чекке келтирүүнү;
2. Токтомдо көрсөтүлгөн сунуштар боюнча иш алып баруу Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевке тапшырылсын.
3. Өзгөн шаарынын Башкы планынын долбооруна сунушталган өзгөрүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш Министрлигине караштуу шаар куруу жана архитектура департаментинин дарегине Өзгөн шаардык Кеңешинин сессиясынын протоколу жана токтому жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмдө калтырам.
Төрага |
| Н.Шамаматов |