Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 19/3
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2025-жылдын 7-ноябрындагы кезексиз XIII сессиясынын №13/1 токтому жөнүндө
Өзгөн райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 4-февралындагы №11-314-26 сандуу каршылык билдирүү катын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясын 2026-жылдын 11-февралындагы №2 протоколунун корутундусунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы кезексиз XIII сессиясынын №13/1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Өзгөн каналынын коргоо зоналырын аныктоо Өзгөн шаарынын жаны иштелип жаткан башкы планына ылайык чечилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кенешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |