Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 19/6
«Курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерине» ылайык жердин багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2026-жылдын 20-февралындагы №01-06/163 катын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы отурумунун №3 протоколунун корутундусунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Укуктук зоналарга бөлүнүүчү картасында» музейдин жаңы имаратын куруу максатында көрсөтүлгөн жер тилкесинин функционалдык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |