Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 19/7
Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине өзгөртүү киргизүү жөңүңдө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-14-беренелерине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2026-жылдын 19-мартындагы №01-06/291 катын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы отурумунун №3 протоколунун корутундусунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Таштак кварталындагы жарандарга жеке турак-жай куруу үчүн менчиктештирилип берилген жер тилкелеринин функционалдык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |