Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 19/8
Өзгөн шаарында бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдалануусуна жүргүзүлгөн шайкешик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-мартындагы отурумунун протоколунун корутундусунун жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки аралыгындагы, Бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдалануусуна жүргүзүлгөн шайкешик аудиттин жыйынтыгы боюнча№ 01-6/176 катын жана Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти” мекемесинин 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгындагы бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын пайдалануусуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча №01-6/180 жазма буйругунун негизинде, күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2026-жылдын 17-мартындагы №01-6/176 каты жана №01-6/180 жазма буйругу эске алынсын.
2. Компенсация катары төлөнгөн 523,6 миң сом акча каражатын бюджетке калыбына келтирүү боюнча иш алып баруу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы “Муниципиалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти” мекемесине милдеттендирилсин.
3. Аудиттин отчетунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу шаардагы мекеме уюмдардын жетекчилерине, анын аткарырылышын көзөмөлдөө жана финансылык тартип бузган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |