Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 166 токтомуна)
Квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талапты талдоо жана болжолдоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Квалификациялуу жумушчу күчкө суроо-талапты талдоо жана болжолдоо тартибинин (мындан ары - Тартип) максаты төмөнкү чөйрөлөрдөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлүүчү статистикалык маалыматты чогултуу жана интерпретациялоо методдорунун жыйындысын колдонуу болуп саналат:
- эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция;
- жогорку, орто, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим;
- башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү;
- сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү жана жайылтуу;
- салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү бюджетке чогултуу жана контролдоо.
2. Ушул Тартип орто мөөнөттүү үч жылдык мезгилге эмгек рыногунда квалификациялуу кадрларга суроо-талаптын жана сунуштун динамикасын баалоого жана болжолдоого, ошондой эле баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары (мындан ары - БКБ, ОКБ, ЖКБ) үчүн кесиптер жана квалификациялар боюнча кадрларды тандоого жана чыгарууга карата сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. БКБ, ОКБ, ЖКБ окуу жайлары өз ишин пландоодо квалификациялуу жумушчу күчүнө суроо-талаптын жана сунуштун божомолун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан даярдалган сунуштамаларды пайдаланышы керек.
Бүткүл республика боюнча кесиптик аталыштардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары - Агартуу министрлиги) жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары - ИЖБИМ) тарабынан колдонулган терминологияны (кесиптердин аталыштарын) макулдашуу зарыл.
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кеңейтүү боюнча суроо-талап - экономиканын болжолдуу өсүшүнүн (же кыскарышынын) негизинде эсептелген суроо-талап, ошондой эле кесиптер жана квалификациялар боюнча экономикалык ишкердиктин түрлөрү боюнча жумуш менен камсыз болгондордун санынын күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрү;
ишке кабыл алуу боюнча суроо-талап - ар бир кесип боюнча иштегендердин ордуна (пенсияга чыгууга, каза болгондугуна/ооругандыгына, жумушчу күчтөн же кесиптен кеткендигине ж.б. байланыштуу) башкаларын кабыл алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтардын негизинде эсептелүүчү суроо-талап;
кошумча суроо-талап - жылына квалификациялуу жумушчу күчүн кеңейтүүгө жана алмаштырууга болгон жыйынды суроо-талап (тармактар боюнча);
кесиптик-квалификациялык түзүлүш - мүмкүн болушунча кесиптердин улуттук классификациясына туура келген, ар кандай, бирок конкреттүү жана толук идентификациялануучу кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө (кесиптик окуу жайларын аяктагандыгы жөнүндө квалификациялык документтер же кесиптер боюнча иш тажрыйбасы менен тастыкталган) ээ болгон жумушчулардын топторунун жыйындысы. Улуттук кесиптик-квалификациялык түзүмдөр адатынча Эл аралык эмгек уюмунун 2008-жылдагы Кесиптердин эл аралык классификациясында аныкталган топторго жана ички топторго негизделет;
кадрларды сунуштоо - эки топту камтыйт: биринчи топ -белгилүү бир кесип жана квалификация боюнча иштөөнү каалаган жана ишти активдүү издеген адамдар; экинчи топ - БКБ, ОКБ жана ЖКБ берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү.
2-глава. Колдонулган негизги концепциялар жөнүндө маалымат
4. "Квалификациялуу кадрларга суроо-талап" категориясы:
1) квалификациялуу жумушчу күчкө болгон учурдагы толук суроо-талап өлкөнүн же региондун экономикасындагы квалификациялуу жумуш орундарынын жалпы саны менен аныкталат. Көпчүлүк жумуш орундары бош эмес, бирок алардын бир бөлүгү улам бошоп, толукталып турат. Негизги себептери болуп пенсияга чыгуу, миграция, кесипти алмаштыруу, эмгекке жарамдуу калктын санынын табигый түрдө азайышы жана башка факторлор саналат. Бошогон жумуш орундары ишке кабыл алуу боюнча суроо-талапты жаратат.
Айрым кесиптер боюнча ишке кабыл алуу суроо-талабы экономикалык өсүшкө жана жумуш менен камсыз болууга байланыштуу суроо-талаптан кыйла ашык болушу мүмкүн.
Бир катар кесиптер боюнча эмгек рыногунда бошогон орундарды тез ээлеген квалификациялуу кадрлардын жетиштүү же ал тургай ашыкча саны болушу мүмкүн. Мындай кесиптер боюнча ишке кабыл алуу боюнча калдык суроо-талап пайда болбойт, б.а. ишканаларда жана уюмдарда кадрлардын жетишсиздиги байкалбайт. Белгилүү бир кесип боюнча бошогон орундардын саны менен эмгек рыногунан жылына ушул кесип боюнча тартылган квалификациялуу кадрлардын санынын ортосундагы айырма ишке кабыл алуу боюнча калдык суроо-талап деп аталат жана кесиптик билим берүүнүн окуу жайлары үчүн сунуштарды иштеп чыгууга таасирин тийгизүүчү талдоонун маанилүү категорияларынын бири болуп саналат;
2) кеңейтүү боюнча суроо-талап экономиканын ар бир тармагы боюнча квалификациялуу жумушчу күчтүн учурдагы жана күтүлүп жаткан динамикасынын негизинде эсептелет. Иш менен камсыз болгондордун саны туруктуу өскөн тармактарда кесиптер боюнча кадрларга жыл сайын кеңейтүү боюнча суроо-талап калыптанууда. Эгерде экономиканын белгилүү бир тармагында иштегендердин саны жылына 5%га туруктуу өскөн болсо, анда бул өсүш темптерин ошол тармакта иштеген бардык кесиптер боюнча күтүүгө болот деп эсептелет. Өсүш болбогондо же жумуш орундарынын кыскарышы менен кеңейтүү боюнча суроо-талап пайда болбойт. Иштегендердин санынын кыскарышы күтүлүп жаткан экономиканын айрым тармактарында да кеңейтүү боюнча суроо-талаптын жоктугу байкалат;
3) бул Тартип кадрларга болгон учурдагы суроо-талаптын баарына эмес, квалификациялуу жумушчу күчкө болгон кошумча суроо-талапты эсептөөгө, анын ичинде кеңейтүү боюнча болжолдонгон суроо-талапты жана белгилүү бир эмгек рыногундагы ар бир өзүнчө кесип жана квалификация үчүн ишке кабыл алуу боюнча калдык суроо-талапты эсептөөгө багытталган. БКБ, ОКБ, ЖКБ билим берүү уюмдары келечектеги квалификациялуу жумушчу күчтү сунуштоонун бөлүгү болуп саналган кадрларды чыгаргандыктан, бул Тартип кадрларга болжолдуу суроо-талап менен сунушту салыштырууга жана БКБ, ОКБ жана ЖКБ билим берүү уюмдарында билим алуучуларды кабыл алууну пландоо боюнча сунуштарды берүүгө мүмкүндүк түзөт.
5. "Квалификациялуу жумушчу күчтү сунуштоо" категориясы 2 негизги топтон турат:
1) биринчи топко иштөөгө даяр жана белгилүү бир кесип жана квалификация боюнча жумушту активдүү издеп жаткан адамдар кирет. Алар жумушсуз катары катталбашы мүмкүн жана шарттары, эмгек акысы же милдеттери боюнча канааттандырарлык эмес жумуштары болушу мүмкүн. Алардын айрымдары өз көндүмдөрүн БКБ, ОКБ жана ЖКБ окуу жайлары аркылуу эмес, иштөө процессинде алган. Мындай адамдардын саны, эреже катары, катталган жумушсуздардын санынан ашат, анткени иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылгандардын баары эле жумушсуз катары каттала бербейт.
Квалификациялуу жумушчу күчтүн сунушун эсептөө үчүн кесиби жана квалификациясы бар (окуу же иштөө процессинде алынган) жана өз адистиги боюнча иштегиси келген адамдар эске алынат;
2) экинчи топко учурдагы жылдын (эсептөөлөрдүн базалык жылы) БКБ, ОКБ жана ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү кирет. Алардын кесиптик-квалификациялык түзүмү алардын окуу тармагы менен аныкталган: БКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү квалификациялуу жумушчу катары эсептелет, ОКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү орто звенонун техниктери жана жетекчилери катары иштөөгө арналган квалификациялык топ болуп эсептелет, ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү "кесипкөй" жана жогорку звенонун жетекчилери катары иштөө үчүн окуудан өтүштү. Бирок, эмгек рыногундагы бүтүрүүчүлөрдүн жүрүм-турумун талдоо (окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү) алардын баары эле окууну аяктаган жылы эмгек рыногуна чыга бербестигин көрсөтүп турат. Бир катар кесиптер боюнча бүтүрүүчүлөрдүн жарымына жакыны гана эмгек рыногуна чыгат. Окууну аяктаган жылы квалификациялуу жумушчу күчтү сунуштоо категориясына кирген БКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жөнүндө маалымат Агартуу министрлиги тарабынан чогултулат жана иштелип чыгат (бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү боюнча иш-чаралардын алкагында). Бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүүнүн ушундай эле системасы ИЖБИМ тарабынан ОКБ жана ЖКБ билим берүү уюмдарына сапаттуу деңгээлде киргизилиши керек.
6. Эмгек рыногунун башкарылган жана башкарылбаган компоненттери:
Бул Тартипте төмөнкү компоненттер боюнча эсептөөлөр жана салыштыруулар жүргүзүлөт:
- ишканаларды жана уюмдарды сурамжылоо жолу менен аныкталган кесиптер/квалификациялар боюнча ушул эмгек рыногунда иштегендердин учурдагы жана болжолдонгон саны (аларды тандоонун негизинде);
- жумуш издеген адамдардын кесиптик-квалификациялык түзүмү (сунуштарды иштеп чыгууга чейинки акыркы 12 ай үчүн) (маалыматтарга эмгек, катталган жумушсуздарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматы кирет);
- БКБ, ОКБ, ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик-квалификациялык түзүмү жана окуусун аяктаган жылы алардын эмгек рыногуна чыгуусу жөнүндө маалымат.
БКБ, ОКБ жана ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн санынан жана түзүмүнөн тышкары, жогоруда аталган эмгек рыногунун бардык компоненттери рыноктук процесстерге көз каранды. Сунуштарды иштеп чыгуу менен белгилүү бир даражада таасир эте турган эмгек рыногунун бирден-бир компоненти болуп кесиптик билим берүү системасы тарабынан чыгарылган кадрларды сунуштоо саналат. Мындай сунуштар учурдагы жана болжолдонгон эмгек рыногунун муктаждыктарына квалификациялуу кадрларды чыгарууну жакындатууга жана кесиптер менен квалификациялар боюнча кадрлардын ашыкча же тартыштык тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет.
7. Региондук мамиле жана болжолдоо мезгили.
Бул Тартип региондук эмгек рынокторунда (республиканын региондору боюнча) кадрларга суроо-талапты жана сунушту талдоо жана болжолдоо үчүн кыйла натыйжалуу, анткени окууну аяктаган жылы эмгек рыногуна чыккан кесиптик билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн эң чоң үлүшү БКБ, ОКБ жана ЖКБ билим берүү уюмдарын аяктаган региондордо жумуш орундарын издейт. Бул эмгек рынокторундагы кадрлардын учурдагы суроо-талабын жана сунушун салыштырууга жана болжолдуу мезгилге окуучуларды кабыл алуу жана БКБ, ОКБ жана ЖКБнын облустук билим берүү уюмдары тарабынан кадрларды чыгаруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Сунушталган болжолдоо мезгили үч жылды түзөт. Бул окуу мөөнөтү БКБга караганда узагыраак болгон ОКБ жана ЖКБ билим берүү уюмдарында кадрларды кабыл алуу жана чыгаруу боюнча негиздүү сунуштарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мурда жүргүзүлгөн (мурунку мезгилдер үчүн) эсептөөлөргө түзөтүүлөр жумуш менен камсыз болгондордун санынын олуттуу жана туруктуу өсүшү же азайышы байкалган экономикалык иштин түрлөрү жана суроо-талапка ээ кесиптер үчүн гана киргизилиши керек. Иштегендердин саны өзгөрбөгөн экономикалык иштин түрлөрү боюнча окуу жайларына кабыл алуу жана кадрларды чыгарууда өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынбашы мүмкүн.