Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ
БУЙРУК
2026-жылдын 15-апрели № 187-п
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык жана башка отчеттуулугунун тизмесин, формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууга, жүктөлгөн камсыздандырууга жана аннуитеттик камсыздандырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын ай сайынкы отчеттуулугунун формасын ушул Буйрукка карата 2-тиркемеге; 3-тиркемеге; 4-тиркемеге; 5-тиркемеге; 7-тиркемеге; 8-тиркемеге; 11-тиркемеге ылайык бекитүү.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кварталдык отчеттуулугунун формасын ушул Буйрукка карата 1-тиркемеге; 6-тиркемеге; 9-тиркемеге; 10-тиркемеге; 12-тиркемеге ылайык бекитүү.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына (мындан ары - Финкөзөмөл) ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн отчеттуулукту кагаз түрүндө жана Excel форматындагы электрондук түрдө тапшырылсын деп белгиленсин..
4. Отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары Финкөзөмөлгө ушул Буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тиркемелерге ылайык отчеттуулукту ай сайын берип турушат.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары квартал сайын, отчёттук квартал аяктаган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен, Финкөзөмөлгө ушул Буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн Тиркемелерге ылайык каржылык кварталдык отчеттуулукту берип турушат.
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жыл сайын, жаңы финансылык жыл башталгандан кийин 120 күндөн кечиктирбестен, Финкөзөмөлгө аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн финансылык отчеттуулук менен бирге берүүгө тийиш.
7. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмү бул буйрукту аткарууга алсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Финкөзөмөлдун төрагасынын орун басары Б.Т. Душебаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| К.А. Маматов |