Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-апрели № 286
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, аларга материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасын (маянасын) жана эмгек акысынын ставкаларын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелет;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасы (маянасы) жана эмгек акысынын ставкасы минималдуу базалык ставканын (7040 сом) өлчөмүн кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
2. Төмөнкүлөрдүн ставкасына (маянасына) президенттик компенсациялык төлөмдөр белгиленсин:
– билим берүү системасынын кызматкерлерине (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдан тышкары) 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
– техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана 1 ставкага төлөнөт.
Эгерде кызматкердин жүктөмү 1 ставкадан аз болсо, анда билим берүү уюмунун кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсациялык төлөм анын иш жүзүндөгү жүктөмүнө жараша пропорционалдуу белгиленет.
3. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысына квалификациялык категориясы үчүн ар айлык үстөктүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
1) жогорку категория үчүн – 5 000 сом;
2) биринчи категория үчүн – 3 000 сом;
3) экинчи категория үчүн – 2 000 сом.