Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 16-сессиясы

 

2023-жылдын 19-январы № 64

2023-жылга айылдын аймагындагы калктын аярлуу катмарына материалдык жардам берүүгө каражаттардын суммасын аныктоо жөнүндө

Александровка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Эликбек кызы Токтобүбүнүн "2023-жылга айылдын аймагындагы калктын аярлуу катмарына материалдык жардам берүүгө каражаттардын суммасын аныктоо жөнүндө" маалыматын угуп жана карап чыгып, 2023-жылы Александровка айыл аймагындагы калктын аярлуу катмарына материалдык жардам берүүгө каралган акча каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. 9-май "Жеңиш күнү": Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине 5000 сомдон (2 киши), баткен согушунун катышуучуларына - 3000 сомдон (4 киши), жалпы суммасы - 22000 сом материалдык жардам берилсин.

2. Чернобль апаатынын катышуучуларына 3000 сомдон (4 киши), жалпы суммасы 12000 сом материалдык жардам берилсин.

3. Афган согушунун катышуучуларына, майыптарына жана жесирлерине 3000 сомдон (17 киши), жалпы суммасы - 51000 сом материалдык жардам берилсин.

4. Москва райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан социалдык жөлөк пул алган майыптарга жана женилдетүү категориясындагы жарандарга 224 000 сом материалдык жардам берилсин.

5. 70 жаштан ашкан улгайган адамдарга 66 000 миң сом материалдык жардам берилсин.

6. 8 март - Эл аралык айымдар күнүнө: активист энелерге, мугалимдерге жана медициналык кызматкерлерге 500 сомдон, жалпы суммасы - 10000 сом материалдык жардам берилсин.

 

 

7. Томолой жетимдерге, жарым жетимдерге жалпы суммасы 155 000 сом материалдык жардам берилсин.

8. Апрель элдик революциясынын катышуучуларына 3000 сомдон материалдык жардам берилсин.

9. Кургак учук ооругандарга 20000 сом материалдык жардам берилсин

10. "Энелер күнү" майрамына баатыр энелерге 55000 сом материалдык жардам берилсин.

11. Калктын аярлуу катмарынан түшкөн арыздар боюнча 150000 сом материалдык жардам берилсин.

12. Балдардын жайкы эс алууларын уюштуруусуна 12000 сом материалдык жардам берилсин.

13. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, жалгыз карыяларга, Улуу ата мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине эскерүү өткөрүүгө 20000 сом материалдык жардам берилсин.

14. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин социалдык маселелер, элдик билим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.С.Невазага жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Давузова М.Ю.