Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 303-т тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун
ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Тоголез Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Тараптар),
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө ниеттенип,
жарактуу дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жолу менен эки Тараптын расмий адамдарынын иш сапарлары менен алмашуусуна жөндөм түзүүгө, жеңилдетүүгө жана колдоого умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
1. Бир Тараптын мамлекетинин жарактуу дипломаттык, расмий жана кызматтык паспортторунун ээлери болгон жарандары экинчи Тараптын (мындан ары – кабыл алуучу Тарап) мамлекетинин аймагына кирүүдө, болууда, чыгууда жана транзит менен өтүүдө алар кабыл алуучу Тараптын аймагында акы төлөнүүчү ишти жүзөгө ашырбаган жана алардын дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттору кабыл алуучу Тараптын аймагынан чыгып кетүүгө болжолдонгон датадан кийин кеминде 3 (үч) ай бою жарактуу болгон шартта кирүү датасынан тартып 180 (жүз сексен) күндүк каалагандай мезгилдин ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптан бошотулат.
2. Бир Тараптын дипломаттык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлери болгон жана кабыл алуучу Тараптын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин мүчөлөрү же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катары дайындалган жарандары, ошондой эле алардын үй-бүлө курамына кирген үй-бүлө мүчөлөрү кабыл алуучу Тараптын аймагына кирүүгө чейин аккредитациялоо максатында тиешелүү визаны алууга милдеттүү.
2-берене
1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу Тараптын аймагында колдонуудагы бардык укуктук талаптарга ылайык эл аралык жүргүнчүлөр каттамдары үчүн арналган кабыл алуучу Тараптын өткөрүү пункттары аркылуу гана кабыл алуучу Тараптын аймагына кирет жана чыгат.
2. Тараптар чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн жана жүрүүсүн жөнгө салуучу мыйзамдарындагы кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине токтоосуз маалымдайт.
3-берене
Тараптардын кайсынысы болбосун ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн, жагымсыз деп эсептелген же улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн болгон адамдардын өз аймагына кирүүсүнөн баш тартуу, алардын жүрүү мөөнөтүн кыскартуу же жүрүүсүн токтотуу укугун өзүнө калтырат.
4-берене
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу Тараптын аймагында жүргөн бүткүл мөөнөттүн ичинде анын аймагында колдонууда болгон мыйзамдарды жана башка укуктук актыларды урматтоого жана сактоого милдеттүү.
5-берене
1. Тараптардын кайсынысы болбосун улуттук коопсуздуктун, коомдук тартиптин же калктын саламаттыгын сактоонун себептери боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу, толук же жарым-жартылай токтотуп туруу укугун өзүнө калтырат.
2. Экинчи Тарап ушул Макулдашууну аткарууну убактылуу токтотуп туруу же токтотуп турууну жоюу жөнүндө чечим тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш. Ушул Макулдашууну аткарууну токтотуп туруу жана токтотуп турууну жоюу жөнүндө чечим экинчи Тарап кабарлоону алган күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашууну аткарууну токтотуп туруу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн, кабыл алуучу Тараптын аймагында буга чейин жүргөн жарандардын укуктарына таасирин тийгизбейт.
6-берене
1. Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен, дипломатиялык каналдар боюнча дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрү менен алмашууга милдеттенет.
2. Жаңы дипломаттык, расмий же кызматтык паспорттор киргизилген же колдонуудагылар өзгөртүлгөн учурда Тараптар жаңы паспорттордун же өзгөрүүлөрдүн күчүнө кирүү күнүнө чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен, ушул паспорттордун үлгүлөрүн бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүүгө милдеттүү.
3. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын дипломаттык, расмий же кызматтык паспорттору кабыл алуучу Тараптын аймагында жоголгон же бузулган учурда алар кабыл алуучу Тараптын компетенттүү органдарына өзүнүн Тарабынын мамлекетинин дипломатиялык миссиясы же консулдук мекемеси аркылуу кабарлоого милдеттүү. Байланышка чыккан дипломатиялык миссия же консулдук мекеме өзүнүн Тарабынын мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган адамдардын өзүнүн мамлекетине кайтып келүүсү үчүн аларга жаңы паспорт же жол жүрүү документин берүүгө милдеттүү.
7-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөн келип чыгуучу ар кандай карама-каршылыктар же талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8-берене
1. Ушул Макулдашуу Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу маалымдаган жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоо алынган күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
3. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын биринен аны бузуу ниети жөнүндө кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып 3 (үч) айдын ичинде күчүндө калат.
9-берене
Ушул Макулдашуунун жоболору эки Тарапта тең колдонуудагы мыйзамдар жана ченемдик актылар сакталган шартта, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык колдонулат
10-берене
Тараптардын биринин мамлекеттик катчысы кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордун ээлеген кандай болбосун мамлекеттик кызмат адамдарынын, ошондой эле армиянын генералы наамынан төмөн эмес наамдагы кандай болбосун аскер персоналынын экинчи Тараптын аймагына миссия менен расмий сапарлары экинчи Тарапка алдын ала билдирилүүгө тийиш.
11-берене
Паспорттордун форматына, ошондой эле аларды берүүнүн же пайдалануунун шарттарына тиешелүү болгон кандай болбосун өзгөртүүлөр алар колдонууга киргизилгенге чейин 60 (алтымыш) күндөн кем эмес убакытта экинчи Тарапка билдирилүүгө тийиш.
2026-жылдын «___» _______ _________ шаарында кыргыз, орус, француз жана англис тилдеринде 2 (эки) нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Тоголез Республикасынын Өкмөтү үчүн |