Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-апрели № 383-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атамбаев Сеидбек Алмазбекович Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. «Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Калбердиева Мавлюда Калмаматовна Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
5. «Элдик» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
6. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- пунктта:
а) 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет:
Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – «Элдик» депутаттык тобунан;
Акимбаева Гульнара Орозбековна – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;
Алиев Медербек Кубанычевич – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;