Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-апрели № 289
Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Маданият мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маданият мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлердин, маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерди, ведомстволук мекемелерди тейлеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 1–8-тиркемелерге ылайык;
2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин, маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерди, ведомстволук мекемелерди тейлеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин, кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 9-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге:
– эмгек өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөт;
– календардык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт;
2) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт:
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге 1 штаттык бирдикке (1 ставкага) 15 000 сом өлчөмүндө;
– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 1 штаттык бирдикке (1 ставкага) 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт;
3) маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелерди, ведомстволук мекемелерди тейлеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын ичинен айрым кызматкерлердин кызматтык маяналарына пайыздык үстөктөр төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: