Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна)
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна – компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан календардык айдын ичинде белгилүү татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкерге эмгек акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
эмгек акы – компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү кошкондо, татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу). Эмгек акыга кошуп эсептелүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, үстөктөр жана кошумча төлөмдөр түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык маянага карата пайыздар менен белгиленет;
компенсациялык төлөмдөр – кызматкерлерге эмгектик же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтурууга багытталган төлөмдөр;
президенттик компенсациялык төлөм – кызматкерлерге (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) төлөм, ал эмгек акыга 15 000 сом өлчөмүндө, ал эми техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 5 000 сом өлчөмүндө белгиленет.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүү акыларын, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эсепке алынбайт.
Президенттик компенсациялык төлөм иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бирден ашык эмес штаттык бирдикке (1 ставкага) белгиленет;
дем берүүчү төлөмдөр – кызматкерлерге эмгектин сапаттуу жана өз убагындагы натыйжасына дем берүүгө багытталган төлөмдөр. Дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кызматкерлерге алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди эске алуу менен белгиленет;
аткарылганына жараша эмгек акы төлөө формасы – көлөмү макулдашууда жана келишимде алдын ала сүйлөшүлгөн толук аткарылган иш үчүн кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акы;
типтүү штаттар – мекеменин штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми.
3. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченеминин аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен кызматтык маянага жараша аныкталат. Ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык төлөмдөр башка жогорулатууларды жана төлөмдөрдү (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) эске албастан кызматтык маянадан гана белгиленген өлчөмдө эсептелет.