Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/77
Социалдык коргоо программасы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» Жарлыгынын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Гавриловка айыл аймагынын тургундарына кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздоо, жашоо сапатын жогорулатуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловка айыл аймагынын калкын социалдык коргоо программасы 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтү:
-Гавриловка айыл аймагынын калкын социалдык коргоо программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;
-Гавриловка айыл аймагынын калкын социалдык коргоо программасынын негизинде 2026-жылга карата иш-чаралар планы 2 тиркемеге ылайык бекитилсин;
- 2026-жылддын 6-ай жана 12 айынын жыйынтыгы боюнча Гавриловка айыл аймагынын калкын социалдык коргоо иш планынын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айылдык кеңешине отчет берсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңешинин социалдык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.М. Мамыркулов |