Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын12 кезектеги сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 12/82
Гавриловка айыл өкмөтүнун кызматкерлеринин 2026 жылга Жааматтык келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын, Гавриловка айыл өкмөтүнүн Уставын жетекчилике алуу менен, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин мотивациясын жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин Жааматтык келишими тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жааматтык келишимдин II бөлүгүндө «Кызматкерлердин социалдык, экономикалык укуктары жана кепилдиктери» каралган төлөмдөрдү бюджеттин эсебинен төлөп берүү каралсын.
3. Ушул токтомдун күчүнө кириши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.М. Мамыркулов |