Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 1
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2026-жылдын бюджетин жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жана 27-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2026-жылдын бюджетин жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жалпы кирешеси 57884,1 миң сомго, анын ичинде: чыгаша бөлүгү 57884,1 миң сом, тендештирүүчү трансферт 3398,4 миң сом өлчөмүндө өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин: киреше жана чыгаша бөлүгүнө 71753,0 миң сом өлчөмүндө анын ичинде: киреше бөлүгү 71753,0 миң сом. Салык кирешелеринин көлөмү 65684,5 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 6068,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 81451,2 миң сом, анын ичинен киреше бөлүгү 81451,2 миң сом, 2028-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 92055,2миң сом анын ичинен киреше бөлүгү 92055,2 мин сом бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |