Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин салыктык жана салыктык эмес кирешелердин чыгашадан ашкан бөлүгүн чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жана 27-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгү 5 621 336 сом 54 тыйын жана салык эмес кирешенин (атайын счет) пландалган чыгымдардан ашык 1058684 сом 40 тыйын, бардыгы 6680020 сом 94 тыйын өлчөмүндө каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өмөтүнүн сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешелердин чыгашалардан ашкан 5 621 336 сом 54 тыйын акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
АУП- 5 621 336 сом 54 тыйын
1.1 Көк-Ой айылындагы ФАП тун айланасын тозууга - 200 000 сом;
1.2 Көк-Ой айылындагы балдар ойноочу аянтчага – 218 000 сом;
1.3 Чукур айылындагы балдар ойноочу аянтчага – 600 000 сом;
1.4 Кызыл-Жылдыз айылындагы хоккейный бортту көчүрүүгө – 400 000 сом;
1.5 Кызыл-Жылдыз айылына раскол курууга –600 000 сом;
1.6 Көк-Ой айылындагы таза суунун шлангисине жана документтерине – 600 000 сом;
1.7 Чаек айылы (Бок көчө) балдар ойноочу аянтча – 300 000 Сом;
1.8 Чаек айыл аймагы боюнча долбоорлордун өздүк салымына – 1 699 336 сом 54 тыйын;
1.9 Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жылга айлык акысына – 150 000 сом;
1.10 Чаек Центр балдар ойноочу аянтча- 329 000 сом;
1.11 Чаек Актатыр балдар ойноочу аянтча – 329 000 сом;
1.10 Беш-Терек айылына труба алууга – 196 000 сом;
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттан 2025-жылдагы бюджетинин салык эмес киреше-чыгашалардан ашкан 1058684 сом 40 тыйын акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттагы чыгымдарга каржылансын:
2.1 АУП – 48862 сом 90 тыйын;
2.2 Актатыр бала бакчасы – 116574 сом;
2.3 Беш-Терек Алтын балалык бала бакчасы – 26291 сом;
2.4 Байчечекей-Жумгал бала бакчасы – 4910 сом;
2.5 Көз-Мончок бала бакчасы – 28530 сом;
2.6 Шабданбек уулу Алтынбек – 697136 сом 20 тыйын;
2.7 Минбаев Эрнис – 35966 сом;
2.8 Күн-Желеси бала бакчасы – 100324 сом 30 тыйын;
2.9 Проон – 90 сом;
Баардык бюджет 6680020 сом 94 тыйын
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |