Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 3
Чаек айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жаңы кызмат орундарын бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу, мал жандыктардын ылаңдарын алдын алуу жана айылдык кеңештин иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасына төмөнкү штаттык бирдиктер кошумча киргизилсин:
1) Ветеринар адис — 1 бирдик;
2) Айылдык кеңештин иш кагаздарын алып баруучу (катчы-референт) — 1бирдик.
· Чаек айыл өкмөтүнүн башчысына:
· Жогоруда көрсөтүлгөн штаттык бирдиктерди айыл өкмөтүнүн түзүмүнө жана штаттык ырааттамасына киргизүү;
· Жаңы киргизилген кызмат орундарынын кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу жана бекитүү;
· Бул кызмат орундарын каржылоо маселеси жергиликтүү бюджеттин эсебинен АУПтун эмгек акы 2111 беренесинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |