Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 4
Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго
1) )“Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебине инвентарь алуу” долбоорун өздүк салымы 300 000 (үч жүз миң) сом;
2) Чаек айыл аймагына караштуу “Шортон айылына үстү жабык футбол аянтчасын куруу” долбоору;
3) Чаек айыл өкмөтүнүн “Чаек” муниципалдык ишканасына экскаватор алуу долбоорунун өздүк салымы 155 000 (жүз элүү беш миң) сом жана “Чаек” муниципалдык ишканасына ассенизатор техника алуу долбоорунун өздүк салымы 500000 (беш жүз миң) сом;
4) Чаек айыл аймагы боюнча таштанды салуучу урналарды жасатуу долбоорлору сунушталсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун өздүк салымы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |