Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 6
Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Чолок-Терек участкасында жайгашкан 16 км узундуктагы Чолок-Терек каналын Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Чолок-Терек участкасында жайгашкан 16 км узундуктагы Чолок-Терек каналы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Жылдыз айылындагы 16 км узундуктагы Чолок-Терек каналы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |