Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 4-февралы № 1/3
Эмгек-Талаа айыл аймагындагы КБФнын бош турган жерлерин арендага түз берүү жана аукцион-конкурска коюу үчүн түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997/111 токтому менен бекитилген жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-июнь 2007-ж №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомуна ылайык Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги I- сессиясы токтом кылат:
1. КБФнын бош турган жерлерин арендага түз берүү жана аукцион-конкурска коюу үчүн түзүлгөн жер комиссиясынын курамы бекитилсин.
1. Т.Бокошов- айылдык кенештин депутаты, жер комиссиясынын төрагасы.
2. А.Шамова-айыл өкмөтүнүн орун басары, жер комиссиясынын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Р.Жумабаев -айыл өкмөтүнүн башчысы
4. Талант уулу Бек-айыл өкмөтүнүн жер адиси
5. Ж.Жаманаков- айылдык кенештин депутаты
6. Ж.Кыдырмышов- айылдык кенештин депутаты
7. Р.Саяков- айылдык кенештин депутаты
8. Р.Кытапов- айылдык кенештин депутаты
9. А.Дүйшенбиев -Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы
10. З.Сулайманов- 8-Март айылынын айыл башчысы
11. А.Асанбаев- Шоро айылынын айыл башчысы
12. Э.Муканбетов- Ак-Кудук айылынын айыл башчысы
13. Т.Кожогелдиев- айыл өкмөтүнүн пробация боюнча адиси
14. Нарынбек уулу Азамат- айыл өкмөтүнүн салык адиси
2. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп,emgektalaa/naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Касымов |